Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Сирия: өкмөттүк күчтөрдүн соккусунан 23 адам мерт болду


Баш калаа Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута аймагы.
Баш калаа Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута аймагы.

Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагындагы аба соккуларынан кеминде 23 жайкын тургун мерт болду.

Алардын арасында төрт өспүрүм бар экенин баш кеңсеси Британияда жайгашкан "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" кабарлады. Алардын маалыматы боюнча, 5-февралдагы аба чабуулдарынан кеминде 70ке жакын киши жарадар болгон.

Көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагында баш-аягы 400 миң жайкын тургун жашайт. Бул аймакты Сириянын өкмөттүк күчтөрү курчап турат.

Жайкын тургундардын өлүмү боюнча Сириянын өкмөттүк күчтөрү толук маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG