Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Судья Воронцова Салянованын адвокатынын өтүнүчүн четке какты


Аида Салянова сотто.
Аида Салянова сотто.

Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын адвокаты Рабига Садыкова жарыш сөзгө даярданыш үчүн кошумча убакыт сурады. Ал жалпы иш 12 томдон турарын, анын ичинен 8 тому менен гана таанышууга жетишкенин айтып, калгандарына түшкө чейин убакыт сурады.

Буга судья Ирина Воронцова каршы чыгып, соттолуп жаткан тараптын ишти атайылап созуу аракети катары баалады.

Жыйынтыгында сот кошумча убакыт бербестен, жарыш сөздү баштады.

Мындай чечимге нааразы болгон адвокат судьянын одоно мамилесин Соттор кеңешинде талкуулаш керек экенин айтты.

Адвокаттан кийин Салянова өзү акыркы сөзүн сүйлөйт.

Аида Саляновага карата кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталууда. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (SDz)

XS
SM
MD
LG