Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:37

Жогорку сот беш милиционердин өкүмүн күчүндө калтырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыйноо колдонду" деп айыпталган милиция кызматкерлерине карата чыккан баштапкы сот өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыйноого каршы коалициянын өкүлдөрү кабарлашты.

2009-жылы эки жаранды милиционерлер “киши өлтүрдү” деген шек менен кармап кетишкен. Кийин алар күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыгышкан.

2016-жылдын 7-октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту беш милиционерди айыптуу деп таап, соттогон. Бирок 2017-жылдын октябрь айында Бишкек шаардык соту алардын экөөнү актаган.

Быйыл 31-январда Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Кыйноого кабылган жарандардын адвокаттары эми Ички иштер министрлигине кайрылып, материалдык жана моралдык зыян үчүн кенемте талап кылганы жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG