Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Бишкектиктер жылуулуктун беш күндүк акысынан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жылуулукту борбордук системадан алган жарандардан январь айынын беш күнү үчүн акы алынбайт. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин сессиясында айтылды.

“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын абоненттеринин январь үчүн төлөмүн азайтуу жөнүндө чечим бир нече күн бою батирлерде жылуулук тиешелүү деңгээлде болбогонуна байланыштуу кабыл алынды.

Мындан тышкары, “Түндүк электр” ишканасынын Бишкектеги абоненттерине да ушундай жеңилдик берүү тууралуу сунуш түштү.

26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, жылуулук берүү дээрлик токтогон. Ошол учурда өлкөдө соңку алты жылдан бери каттала элек суук болуп, түнкүсүн абанын температурасы -30га чейин төмөндөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG