Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Аравандын мурдагы имам-хатиби террордук иштерге шектүү катары кармалды


Араван районунун кире бериши.
Араван районунун кире бериши.

Ош облусунун Араван районунун мурдагы имам-хатиби эл аралык террордук уюмдарга тиешеси бар деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, диниятчы Кыргызстандын аймагында террордук иш-аракеттерди жасаган деп шек саналууда. Сулайманов ошондой эле факты боюнча иликтөө жүрүп жатканын, кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин кабарлады. Имамдын аты-жөнү жүйөлүү себептерге байланыштуу айтылган жок.

Бул маалыматты Ош облусунун казыяты да ырастап, имам-хатиб узак убакыт бою райондун молдолорун башкарганын, бирок үч-төрт жыл мурун кызматынан алынганын ачыктады.

Ош облусунда жалпысынан 722 мечитте бирден имам, бир-экиден орун басар бар. Жети райондук имам-хатибдер иш алып барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG