Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

АКШнын Өкүлдөр палатасы: комитет демократтардын сырын ачыкка чыгармак болду


Вашингтон. Түнкү Капитолий.
Вашингтон. Түнкү Капитолий.

АКШда Өкүлдөр палатасынын чалгындоо иштери боюнча комитети демократтардын эксперттери даярдаган жашыруун меморандумду жарыялоону колдоду.

Документте республикачылардын "ФБР Доналд Трамптын шайлоо штабынын кызматкерлерин угуп турууга ордерди мыйзамсыз негизде алган" деген маалыматы төгүнгө чыгарылат.

Демократтардын меморандумунда айтылгандай, ордер берген судьялар маалыматтардын бир бөлүгүн ФБР саясий максат көздөгөн булактардан алганын билишкен.

Демократтардын комитеттеги жетекчиси Эдам Шифф "республикачылар ФБРге чабуул коюу менен атайын прокурор Роберт Мюллердин ишине көлөкө түшүрүүнү көздөшөт" деп айыптады. Мюллер Орусия АКШдагы президенттик шайлоого киришкен-киришпегенин жана Трамптын айланасындагы адамдар менен байланыштарын текшерип жатат.

Демократтар сунуш кылган документти ачыкка чыгаруу жөнүндө чечимди Ак Үй кабыл алууга тийиш.

XS
SM
MD
LG