Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Мадумаров: Текебаев жана башка саясатчылар акыйкатсыз камалды


Адахан Мадумаров. 6-февраль, 2018-жыл.
Адахан Мадумаров. 6-февраль, 2018-жыл.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров учурда камакта жаткан саясатчылар акыйкатсыз соттолду деп эсептейт. Ал бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу пикирин билдирди.

Мадумаровдун пикиринде, Кыргызстанда сот системасы бир топтун кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат:

- Эл да, саясатчылар да сотторго ишенбейт. Талгарбеков, Жапаров, Текебаевдер акыйкатсыз камалды. Соттор - бир кишинин колундагы камчы. Эмнеге соттоп жатышканын өздөрү да билбейт.

Былтыр декабрда Бишкекте "Саясий туткундарга эркиндик" аттуу жарандык форум өтүп, анда саясий негизде куугунтукка алынган жана камалган саясатчылар, активисттер, журналисттер 30 адамга жакындап калганы айтылган.

Прокуратура жана сот органдары ар бир саясатчыга карата козголгон кылмыш иши негиздүү болуп жатканын, саясий куугунтук жок экенин айтып келе жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG