Азербайжандын оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши эрте президенттик шайлоону бойкот кыларын билдирди.
Оппозиция лидери Жамил Хасанлы коалиция ошондой чечим кабыл алганын "Рейтер" агенттигине билдирди. Кечээ президент Илхам Алиев 17-октябрга пландалган шайлоону 11-апрелге которуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бирок андай кадамдын себеби түшүндүрүлгөн эмес. Шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү Конституцияга жана Шайлоо кодексине каршы келбеси гана айтылган.
Президенттин кеңешчиси Али Хасанов добуш берүүнүн датасы башка эл аралык жана ички маанилүү окуяларга туш келбесин деп которулганын билдирди.
Оппозициячыл "Мусават" партиясынын лидери Ариф Хажылы муну Алиевдин башкаруусун дагы жети жылга узартуунун амалы катары айыптады. Саясатчы оппозицияга даярданууга убакыт аз болорун белгиледи.
Дагы бир версия боюнча президентти Азербайжандын экономикасы тынчсыздандырууда. Андыктан элдин нааразылыгы күчөй электе ал шайлоо өткөрүүнү көздөйт.