Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Кабулдагы терактка байланыштуу эки генерал шалаакылык үчүн иштен алынды


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Кабулдагы аскердик базага кол салууга байланыштуу бир нече офицерди шалаакылык үчүн иштен алды.

Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн "Твиттерде" жазды. Жумуштан алынгандардын арасында эки генерал да бар. Алардын иши эми тергөөгө алынмакчы.

29-январда болжол менен беш куралчан киши Улуттук армиянын комплексине чабуул койгондо 11 жоокер окко учуп, 16сы жарадар болгон. «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму бул терактты ишке ашырганын кийин билдирген.

Ганинин өкмөтү Кабулда удаама-удаа болгон чабуулдардан кийин "коопсуздукту камсыз кыла албайт" деген катуу кысымга туш болуп келатат.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы дагы теракттар болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Бүгүн тартип коргоочулар бомба жасоодо колдонулган 2 тонна материал ташып бараткан оор машине кармалганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG