Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Матрезервдеги жети миллион сомдук зыян боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Материалдык резервдер фондунун ишине байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, иш Кылмыш-жаза кодексинин 189 ("Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу"), 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") жана 308 ("Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу") беренелеринин негизинде, минералдык жер семирткичтерди сатып алуу тууралуу мыйзамсыз контрактка кол коюу фактысы боюнча козголду.

Маалыматта 2016-жылдын 3-февралында Материалдык резервдер фондунун ошол кездеги жетекчиси Жоомарт Жумабеков Өзбекстандын жана Латвиянын жеке компаниялары менен келишимдерге кол койгону, натыйжада мамлекетке 7 миллион 810 миң сомдук зыян келтирилгени сөз болот.

Кылмыш иши тергөөнү улантыш үчүн тиешелүү органга жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG