Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:49

Кадамжайда күйүүчү май ташыган автоунаа оодарылып кетти


Транспортто солярка болгон.

Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунун 125-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя бүгүн түштөн кийин болгон. Баткен облусунун Кадамжай районунда кырсыкка учураган "Renault" үлгүсүндөгү автоунаа 40 тоннага ылайыкташкан. Анда солярка болгон. Анын көлөмү канча экени жана канчасы төгүлүп калганы такталууда. Жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Кырсыктын себептери иликтенип жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG