Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Тайвандагы жер титирөөдөн 100дөн ашык киши жабыркады


Тайванда жер көп титирейт. 7-февраль, 2018-жыл.
Тайванда жер көп титирейт. 7-февраль, 2018-жыл.

Тайвандагы жер титирөөдөн эки киши мерт болуп, 100дөн ашык адам жаракат алды.

Би-Би-Си кабарлагандай, Тайван өкмөтүнүн башчысы Вильям Лай Хуалян шаарында 6-февралдын түнү болгон жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткенин билдирди. Анын айтымында, жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор.

Жаратылыш кырсыгынын айынан бул шаарда кеминде төрт имарат жарым-жартылай кыйрады. Маалыматтарга караганда, он кабаттуу "Marshal" мейманканасында дагы эле кишилер бар, куткаруучулар жарым-жартылай кыйраган имараттардан 28 адамды чыгарды.

Жекшембиде ушул эле аймакта жер силкинип, анын күчү да 6,4 баллды түзгөн. Тайванда жер титирөө кө болот. 2016-жылы аралдын түштүгүндөгү жер титирөөдөн 100 киши каза тапса, 1999-жылы 7,6 баллдык зилзала эки миңден ашык адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG