Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Шаардык сот Саляновага өкүм угузуу алдында турат


Бишкек шаардык соту.
Бишкек шаардык соту.

Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата сот өкүмүн угузуу алдында турат. "Азаттыктын" кабарчысы соттон маалымдаганына караганда, кечээ адвокат Рабига Садыкова жарыш сөзүн аяктабай калган жана бүгүн улантышы керек болчу. Бирок судья Ирина Воронцова сөздү ага эмес, Саляновага берди.

Салянова адвокатка жарыш сөзүн жыйынтыктоого уруксат берүүнү суранды. Бул үчүн судья депутат сотко баш ийбей койгонун айтып залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Салянова чыкпай турганын билдиргенден кийин соттор кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.

Соттолуучу тарап алар өкүм чыгарууга камынып жатышат деген пикирде.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянова "юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган" деген айып менен соттолуп жатат. Ал өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (SDz)

XS
SM
MD
LG