"Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда милиция кызматкерин атып кетти" деп шек саналган Тилек Шатмановго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 32 жаштагы тургуну Тилек Шатманов 2-февраль күнү Бишкектин Свердловск райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине курал колдонуп кол салган деп шек саналууда. Ага буга чейин да киши өлтүрүүгө аракет кылууга жана карактоого шектүү катары издөө жарыяланган.
Милиция Шатмановду көргөн-билгендер болсо 0(312)43-71-75, 0552 91-80-52, 0551 10-24-25 номерлерине же “102” кызматына чалып коюуну өтүнөт. Анонимдүүлүк сакталат.
2-февраль күн кылмышка шектүү кишини кармоо учурунда милиция кызматкерине кол салуу болгону кабарланган. Анда белгисиз адам травматикалык тапанча менен атып, Свердлов райондук милициясынын кызматкери жарадар болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, азыр анын өмүрүнө коркунуч жок. (ErN)