Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Милицияны видеого тартуу мыйзамсыз деген жетекчи эскертүү алды


Иманалы Саркулов.
Иманалы Саркулов.

Башкы прокуратура Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркуловго эскертүү берди. Көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, Саркуловдун айткандары “жол берилгис”, себеби “мыйзам жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди иш учурунда фотого жана видеого тартууга тыюу салбайт”.

Ошону менен катар Башкы прокуратура айдоочуларды да, жүргүнчүлөрдү жана жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерди да бирин бири сыйлап, эрежелерди бузбоого чакырды.

Буга чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы анын кызматкерлери тууралуу тартылган видеолорду уруксатсыз Интернетке жайгаштыргандарды сотко берерин билдирген. Башкармалыктын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов "инспектор тууралуу уруксатсыз тартылган тасманы коомчулукка жарыялоого мыйзам тыюу салат" деп айткан.

Былтыр декабрда премьер-министр Сапар Исаков "Safari" кыймылынын активисттеринин жол коопсуздук кызматкери менен жол эрежеси туурасында талашып жатканы көрсөтүлгөн тасмасын сынга алган.

Тартип сакчыларынын жосунсуз жоруктары тууралуу тасмаларды бир топ активисттер Интернетке жүктөп, коомчулукка көрсөтүп келишет. Мындай ашкерелөө бир катар кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууга негиз болгон. (UEz)

XS
SM
MD
LG