Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Активист Мелис Аспековдун иши боюнча соттук кароо 19-февралга калды


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

“Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири, активист Мелис Аспековдун ишине байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда башталган процесс 19-февралга калды. Бул тууралуу Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, сот Аспековдун адвокаты келбей калганына байланыштуу отурумду кийинкиге жылдырды. Процесс жабык режимде өтөт.

Мелис Аспеков былтыр октябрда "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалган. УКМКнын Тергөө башкармалыгы Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыкка даярдык көрүү"), 27-295-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча кылмыш ишин козгогон.

УКМК парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди 30-сентябрда "массалык башаламандык уюштуруу" жана "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренелерине ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында кармап, камакка алган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Исаев тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Депутат башка иштин алкагында коррупция боюнча айыпталып, 12 жылга камакка алынган. Ал Биринчи май райондук сотунун мындай чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG