Оппозициялык саясатчы Аида Салянова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баштаган куугунтугу жана андан кийинки чабуулдар уланууда деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкек шаардык сотунда жарыш сөз берилбей койгондон кийин журналисттерге билдирди.
Салянова аны каматууга судьяларга акча берилгени тууралуу маалымат тарап жатканын, тартип коргоо органдары мунун калп-чынын иликтеши керек экенин айтты:
- Мени жоопко тарткан адамдардын мындайга барарын түшүнсө болот. Анткени Атамбаев тарабынан куугунтук башталганда алардын баарынын чырагына май тамып, баш көтөрө башташкан. Балким Атамбаев атайын ошондой кылган, ар тараптан чабуул башталсын деп. Ал адамдарга Салянованы соттотууга аябай чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Ошондуктан алар акча гана эмес, болгон аракеттерин жумшашы толук мүмкүн.
Салянова райондук соттун өкүмү мыйзамсыз болгонун билдирип, “бир да катта менин колум же "тигил башкармалык карасын, мындай чечим даярдалсын" деген сөз жок. Күбөлөрдүн баары “Салянова мыйзам бузган, лицензияны туура эмес узарткан" деген сөз эч жерде болгон эмес” деп айтышты. Болгондо да анын баары айыптоочу тараптын күбөлөрү болчу. Бирок алардын айткандары сотко эч таасир эткен жок” деди.
- Елисеевдин лицензиясы эч саясаты жок, мыйзамдуу узартылганы чоң криминал, өтө оор кылмыш катары көрсөтүлүп жатса - мунун фонунда миллиондогон ууруулук, мамлекетти талап-тоноо даана кылмыш экени көрүнүп калат, элден да жаап-жашырууга мүмкүнчүлүк аз болот. Эл баары бир тараза, - деп кошумчалады Салянова.
Бишкектин Ленин райондук соту оппозициячыл саясатчыны "юстиция министри болуп турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан" деген негизде "беш жылга эркинен ажыратылсын жана үй-мүлкү конфискациялансын, жазасын үч жашар кызы 14кө чыкканда өтөсүн" деген өкүм чыгарган. Буга нааразы болгон адвокаттар шаардык сотко кайрылышкан.
Саляновага карата ишти козгоп, тергеген Башкы прокуратура менен УКМК иште саясий негиз жок экенин билдирип келатышат.
Атамбаев басма сөз жыйындарынын биринде “Саляновага ишенгем, бирок адашкан экемин” деп айткан.
Сот органдары Салянованын бүгүнкү айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)