Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Эл аралык арбитраж 13 орусиялык атлеттин арызын кабыл алды


Александр Легков.
Александр Легков.

Лозаннадагы Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот 7-февралда 13 орусиялык атлеттин жана эки машыктыруучунун арызын кабыл алганын билдирди.

Алар Пхёнчхаңдагы оюндарга катышуу укугунан ажыраткан Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин талашып жатышат. Арасында Олимпиада чемпиону, лыжачы Александр Легков жана скелетон боюнча алтын медал алган Александр Третьяков да бар.

Бир күн мурда ушундай эле арыз менен 32 орусиялык спортчу кайрылган.

Олимпиада комитети алардын баарына допинг чуусуна байланыштуу Пхёнчхаңда өтө турган кышкы оюндарга катышууга тыюу салган.

Былтыр 5-декабрда Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын улуттук командасын Түштүк Кореядагы Кышкы оюндардан четтеткен. Ага чейинки эки иликтөө орусиялык спортчулардын допинг программасын Кремл өзү тескегенин көргөзгөн.

Бирок орус спортчуларына бейтарап желек астында мелдештерге катышууга уруксат берилген. Натыйжада 169 атлет катталган.

XS
SM
MD
LG