Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:44

Сирия Израилдин аскер учактары сокку урганын билдирди


Баш калаа Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута аймагы.
Баш калаа Дамасктын жанындагы Чыгыш Гута аймагы.

Сирия армиясы баш калаа Дамасктын жака-белиндеги айылдарга Израилдин аскер учактары сокку урганын билдирди. Сириянын мамлекеттик телеканалы тараткан билдирүүдө соккулар Ливандын аба аймагынан урулганы айтылат. Израил тарап мындай дооматтарга жооп бере элек.

Ушуну менен соңку бир ай ичинде президент Башар Асадга караштуу армия экинчи жолу Израилди айыптап жатат. Дамаск 9-январда Кутайфа районуна абадан коюлган чабуулдарды да Израилден көргөн.

Бир күн мурда Улуттар Уюмунун аскердик кылмыштар боюнча эксперттери Сириядагы химиялык чабуул боюнча маалыматтарды текшерип жатышканын билдиришкен.

Дүйшөмбүдө көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Чыгыш Гута аймагына абадан урулган соккулардан 23 киши курман болгон.

Айрымдар «президент Башар Асаддын армиясы бул аба соккуларында химиялык курал колдонгон болушу мүмкүн» деген жоромолдорун айтууда. Сириядагы жарандык согуштун уланып жатканына жети жыл болду.

XS
SM
MD
LG