Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Шералы Назаркуловду эскерүү митинги өттү


Шералы Назаркулов.
Шералы Назаркулов.

Бишкекте саясий ачкачылыктан улам каза тапкан укук коргоочу Шералы Назаркуловду эскерүү митинги өттү.

Маркумдун жесири Назгүл Назаркулова анын ишмердүүлүгүн мындай эскерди:

- Үй-бүлөлүк башкаруу, элдин кыйналган турмушу Шералыны уктаткан жок. Ал бул кадамы менен келечегибизге, бийликке туура жол көрсөтө аламбы деп ойлоду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Назаркуловдун ысымы Кыргызстандын тарыхында жазылып калганын билдирди:

- Саясий ачкачылыктан курман болуу КМШнын тарыхында болгон эмес. Биринчилерден болгон Шералынын орду тарыхта өтө чоң. Кыргыз демократиясы, адам укуктары боюнча күрөшкөндөрдүн сап башында турат.

Байкоочулардын баамында, 2002-жылкы ачкачылык акциясы аркылуу мамлекет башчыларынын туура эмес жүргүзүп жаткан саясаты коомчулукка жетип, андан кийинки 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель окуяларынын башаты болгон. Атуулдук позициясы үчүн ал мурдагы президент Аскар Акаев бийликтен кулатылгандан кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Шералы Назаркулов 2002-жылы Акаевдин бийлиги учурунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы ачкачылык жарыялап, саясий акциянын 22-күнүндө, 7-февралда каза болгон. (BzA)

XS
SM
MD
LG