Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Шаардык сот Саляновага карата өкүмдү күчүндө калтырды


Аида Салянова сот залында.
Аида Салянова сот залында.

Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Өкүм жарыялангандан кийин Салянова:

- Үч ай биз кимге сүйлөп жатканыбызды да билбей калдым. Үч айдан ашык цирк кимге керек болгон? Адвокаттардын эмгеги кайда кетти? - деди.

Салянова "юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган" деп соттолууда. Ал өзү муну саясий куугунтук деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Ленин райондук соту карап, былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мурдагы башкы прокурор өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалаган жана райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (RK)

XS
SM
MD
LG