Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:39

Ош: мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк бергендерге кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу эки адамга айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз борбору билдирди.

Анда айтылгандай, аталган мекеменин Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2014-жылы К.Ы. аттуу жаранга “ВВ1” жана “СС1” категориясында, ал эми Ош шаардык бөлүмүнүн өкүлдөрү 2016-жылы Д.К. аттуу жаранга "ВСС1" категориясында автоунаа айдоого уруксат күбөлүгүн берген. Ал кишилер психикалык оорулар боюнча Ош облустук ооруканасынын Ноокат райондук Үй-бүлөлүк медициналык борборунда каттоодо турат. К.Ы. аттуу жаранга “акыл-эси такыр артта калган” жана "Эпилепсия" деген диагноз коюлган.

Эки факты боюнча өз-өзүнчө кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG