Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Собчак: Саясий дымагым олуттуу


Ксения Собчак.
Ксения Собчак.

Орусиянын президенттигине ат салышууга ниеттенип жаткан теле алып баруучу Ксения Собчак саясий дымагы олуттуу жана узак экенин билдирди. Бул тууралуу ал 6-февралда Вашингтондо өткөргөн басма сөз жыйынында айтты.

Эл аралык стратегиялык изилдөө борборунда уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып Собчак АКШ администрациясынын өкүлдөрү менен Вашингтон Орусияга каршы киргизген экономикалык санкцияларды талкуулоону боолголоп жатканын кошумчалады.

Ал ушу тапта эки державанын алакалары абдан начар экенин белгилеп, «Орусия - бул Путин эмес» деп билдирди.

18-мартта өтө турган президенттик шайлоого расмий талапкер катары каттоодон азыркы өлкө башчы Владимир Путин, либерал-демократтардын атынан Владимир Жириновский жана коммунисттердин партиясы көрсөткөн Павел Грудинин өткөн.

Алардан башка ат салышуу ниетин "Яблоко" партиясынын лидери Григорий Явлинский, ишкерлик боюнча акыйкатчы Борис Титов да билдирген.

XS
SM
MD
LG