Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Орусия 122 миң тажик жаранына миграциялык мунапыс жарыялады


Орусиядагы тажик мигранттары.
Орусиядагы тажик мигранттары.

"Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузду" деген кине менен Москванын "кара тизмесине" киргизилген 180 миңдей тажик жараны бар. Бул тууралуу шейшембиде Дүйшөмбү шаарында өткөн басма сөз жыйынында Тажикстандын миграция жана эмгек министри Сумангул Тагойзода билдирди.

Укук коргоочулар белгилегендей, соңку үч жыл ичинде Орусиядан жарым миллионго жакын эмгек мигранты чыгарылган. Алардын 122 миңине кайра кирип иштөөгө уруксат берилген.

Эксперттер Москва мигранттарды өз кызыкчылыгында колдонорун белгилешет. Маселен, Орусия миңдеген жарандарга иштөөгө уруксат бергени менен дароо Дүйшөмбүдөгү орус аскер базасынын мөөнөтүн узарткан.

Орусияда эмгектенген тажик мигранттарынын саны бир миллионго чукул экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG