Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Кыргызстанда дагы беш алтын кени ишке берилгени жатат


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Уланбек Рыскулов.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Уланбек Рыскулов.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тогуз алтын кени иштетилип жатат, дагы беш кенди ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов бүгүн 7-февралда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Рыскулов геологиялык изилдөө иштерин кеңейтүүнүн келечеги, өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүгө укук алуу үчүн ачык аукциондор менен конкурстарды өткөрүү жана лицензиялоо жөнүндө да айтып берди. Ал президенттин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын негизги максаттарына шайкеш келген 2018-2025-жылдарга карата Кыргызстандын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча программасы иштелип чыгып жатканына токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков болсо өлкөнүн экономикалык турмушундагы тоо-кен тармагынын маанисин белгилеп, тоо-кен компанияларынын ишине байланыштуу маселелерди саясатташтырууга жол бербеш керек экенин айтты:

- Кен иштетүүчү компаниянын ишмердиги республиканын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербей, экологиялык коопсуздукка зыян алып келгени далилденсе, мындай долбоорлор колдоого алынбашы керек. Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек, - деди президент.

Мамлекет башчысы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кен байлыктарын колдонуу укугуна ачык конкурс жана аукцион өткөрүү аркылуу жер-жерлерде социалдык нааразычылыкты жокко чыгарса болоорун кошумчалады. (ErN)

XS
SM
MD
LG