Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Кыргызстан “Дубай ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнө катышат


Кыргызстандагы "Агро ЭКСПО" көргөзмөсү. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы "Агро ЭКСПО" көргөзмөсү. Архивдик сүрөт.

Бириккен Араб Эмираттарындагы бүткүл дүйнөлүк “Дубай ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнө Кыргызстандын катышуусу жана ага даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Документке ылайык, уюштуруу комитетинин курамы бекитилди жана алар иш-чаралар планын иштеп чыгышат.

Дубай шаарындагы көргөзмө 2020-жылдын 20-октябрынан 2021-жылдын 21-апрелине чейин өтөт. Ага 180 өлкө катышмакчы. Көргөзмөнүн аудиториясы 25 миллион адамды түзөт.

Көргөзмөдө илимий-техникалык прогресс (инновациялар), экономикалык жана жөнгө салуучу өзгөртүүлөр (экономикалык интеграция), адам ресурстарынын өнүгүшү жана социалдык өнүгүү боюнча жетишкендиктер ар кандай формада көрсөтүлөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG