Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Түрмөдөн элге телефон чалып коркутуп, акча алгандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык соту Ноокат районунун 37 жаштагы тургуну, ар кандай кылмыштар менен мурда тогуз жолу соттолуп, абакта отурган Мухаметали Абдиваповду алдамчылыкка байланыштуу 25 жылга эркинен ажыратты. Ал буга чейин тогуз жылга кесилип, жазасын өтөп жаткан. Анын абакта отуруп алып алдамчылык кылганы аныкталып, бул мөөнөткө дагы 16 жыл кошулду.

Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, соттолгон адам 2017-жылы «жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды» деп телефондон жети кишини алдап, алардын акчасын эркиндиктеги шериги аркылуу алып турган.

Милиция белгисиз бирѳѳ телефон чалып, жаман кабар угузса жана акча сураса аны тактап көрүүгө, шылуундарга алданып калбоого жарандарды чакырат.

XS
SM
MD
LG