Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:03

Жалал-Абадда тоодогу жолдорду кар көчкү басты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын айрым унаа жолдоруна кар көчкү түшүп, учурда тазалоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Тогуз-Тородо өткөн түнү Казарман - Атал-Чат унаа жолунун 93-чакырымында көлөмү 900м3, ал эми 82-чакырымында 1800м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Чаткал районунда Красная Горка - Акташ унаа жолунун 7-чакырым аралыгында 700м3 кар көчкү түшүп, каттам убактылуу жабылган.

Адам өмүрүнө зыян келген жок, учурда карды толук тазалоо иштери жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG