Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

Жээнбеков: Уюшма кылмыштуулукту жогорку кызмат адамдары калкалоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү жүрбөй жатканынын негизги себеби – коррупция. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчы белгилегендей, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоң суммага жеткенин эксперттер айтып жатышат.

“Уюшкан кылмыштуу чөйрөдө чоң акча агымы тартип коргоо жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо мүмкүн эмес. Мындай топтор баңгизат транзитин жана товарлардын аткезчилигин тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири, рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт" деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG