Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Саясатчылар отурган кафеден жашыруун коюлган диктофон табылды


Талантбек Исаев.
Талантбек Исаев.

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев Бишкектеги кафелердин биринде отурган жерден жашыруун коюлган диктофон табылды.

Бул маалыматты бүгүн “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев тастыктады. Анын айтымында, окуя шаршемби күнү түштөн кийин болгон:

- Мелис Карыбеков, Талантбек Исаев үчөөбүз чогуу тамактаналы дегенбиз. Мен отурган жердин жанынан кичинекей диктофон табылды. Мен Салянованын сотуна барыш үчүн кете бергем.

Талантбек Исаевдин өзүнөн комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок. Ал азыр камакта жаткан саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин агасы. Иниси кармалганда ал ИИМдеги кызматын өз эрки менен тапшырып берген.

Канат Исаевди Бишкектин Биринчи май райондук соту "Токмок шаарынын мэри болуп турганда жемкорлукка барган" деген айып менен быйыл 4-январда 12 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары, ага карата былтыр 15-октябрдагы шайлоо алдында Кылмыш-жаза кодексинин 27 ("Кылмышка даярдануу"), 233 ("Калайман башаламандык") жана 295 ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап турууга аракеттенүү") беренелери боюнча да иш козголгон. Депутат 30-сентябрдан бери камакта.

Жашырылган диктофон табылган окуя Бишкектеги “Обама” кафесинде болгон. Кафенин администрациясы өз комментарийин кийинчерээк берерин “Азаттыкка” билдирди.

Айрым маалымат каражаттары ал жерден жашыруун тыңшоочу түзмөк ("жучок") табылганын жазып чыгышкан. (JsO/BK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG