Дагестанда ири масштабдагы тинтүү жүрүп жатат. “Аймактагы бийлик түзүмдөрүн декриминалдаштыруу” иш-чарасын Москвадан келген тергөөчүлөр башкарууда. Бул тууралуу "Интерфакс" билдирет.
Ички иштер, каржы, саламаттык сактоо жана билим берүү министрликтеринде, аны менен катар сот аткаруучулар башкармалыгында документтер текшерилип жатат. Дагестандын жогорку кызмат адамдарына чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды.
2017-жылы күзүндө Дагестан Республикасынын жетекчилигине Владимир Васильев дайындалган. Ал ага чейин Мамлекеттик Думада “Бирдиктүү Орусия” фракциясын башкарган. Жаңы кызматка киришкенде Васильев аймакта москвалык тергөөчүлөрдүн катышуусу менен текшерүү жүргүзүүгө убада берген. Атайын комиссия Дагестанга январдын соңунда келген.
5-февралда Дагестан өкмөтүнүн убактылуу башчысы Абдусамад Гамидов жана анын эки орун басары, республиканын мурдагы билим берүү министри кармалган. Алар бюджет каражатын уурдоого байланыштуу айыпталып, эки айга камалган.