Өлкө президенти саясий ачкачылык кармагандардын талаптарына көңүл бурушу керек. Мындай пикирин “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.
- Макул, президент соттун ишине киришпесин. Бирок ачкачылык – бул саясий акция. Президент мындай саясий маселеге түздөн-түз көңүл бөлүшү керек. Ачкачылык кармагандар өзүлөрү катышпаса "андай сот процессин токтото тургула, адилеттүүлүк болсун" дей алат.
"Бийликти басып алууга аракет кылган" деп айыпталган үч саясатчы он күндөн бери абакта ачкачылык кармап жатышат. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков мыйзамсыз камалып, укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.
Үчөө тең УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган.
Бектур Асанов каршылык иретинде шаардык соттогу жараяндардын айрымдарына катышкан эмес.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ачкачылык кармагандардын абалы "дарыгерлердин көзөмөлүндө жана канааттандырарлык" деп маалымдоодо.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр апрелде Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Алар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.
7-февралда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырды.
Ушул эле күнү Кыргызстан 2002-жылы саясий ачкачылыктан улам каза болгон Шералы Назаркуловду эскерди.
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча соттор - эч кимден көз каранды эмес бийлик бутагы.
Бирок президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып соттордун ишине мыйзам чегинде кийлигишүүгө мажбур болорун билдирди.
Оор кылмыш үчүн кармалгандар соттон бошонуп кетип жатканы тууралуу маселе көтөрүп, ал: “Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса - мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон баардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз, сотторго”, - деди. (RK)