Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Караколдо Баткен согушунун баатырларынын эстелиги урап калды


Эстеликтин калдыктары.
Эстеликтин калдыктары.

Караколдо Баткен согушунун курмандыктарына арналып тургузулган эстелик урап калды. Бул тууралуу Баткен согушунун ардагерлеринин Каракол шаарындагы төрагасынын милдетин аткаруучу Таалайбек Маалаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы Пушкин атындагы эс алуу багына орнотулган эстелик үчүн Каракол шаардык мэриясынан бөлүнгөн 455 миң сом туура эмес колдонулган.

Бул үчүн Маалаев Баткен согушунун ардагерлеринин Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги төрагасы Молдокул Жунушовду айыптоодо.

- Эстелик технологиялык жактан туура эмес жасалган. Ичи топурак, чопо жана жыгачтын тыпыны менен толтурулган. Аны атайын скульптор эмес, жөн гана сүрөтчү жасап койгон. Төрагабыз биздин сөзүбүздү укпай, "өзүм чечем, өзүм жасайм" деп жатып мына, жыйынтыгы ушундай болду. Азыр кагаздарды чогултуп сотко берип жатабыз, - деди Маалаев.

Ардагерлер уюму бул маселе боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы бөлүмүнө кайрылды. Молдокул Жунушов өзү бул дооматтарга жооп бере элек.

1999-2000-жылдары Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кыргыз жоокерлери куралчан топторго каршы күрөшкөн. Кагылышуудан 17 жоокер жана 15 жай тургун каза тапкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG