Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Кыргызстан бир жылда 400 миң тоннага жакын эт өндүрдү


Бишкек. "Ош" базарындагы эт саткан жай.
Бишкек. "Ош" базарындагы эт саткан жай.

Кыргызстан 2017-жылы 395 миң тонна эт өндүрдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Бул көрсөткүч 2016-жылга караганда жети миң тоннага көп.

Айыл чарба министрлиги Кыргызстан өндүргөн эттин миң тоннага жакыны гана чет жакка экспорттолорун билдирген. Мекеме ошону менен бирге Казакстандан, Орусиядан жана Украинадан да Кыргызстанга эт келип турарын кабарлаган.

19-январда парламенттеги жыйында айыл чарба министринин орун басары Эркин Чодуев Кыргызстан Кытайдан эт импорттоп келүүгө чектөө киргизгенин айткан. Мунун себебин ал Кытайдан келе турган эт азыктары Евразия экономикалык биримдигинин стандарттарына туура келбей турганы менен түшүндүргөн. Ал ошондой эле бул чектөө кыргызстандыктарга зыянын тийгизбей турганын билдирген.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп 2015-жылы 12-августта кирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG