Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Өзбекстандан келген делегация Оштогу ишканаларды кыдырууда


Жамшид Ходжаев менен Артем Новиковдун жолугушуусу. Бишкек, 8-февраль, 2018-жыл.
Жамшид Ходжаев менен Артем Новиковдун жолугушуусу. Бишкек, 8-февраль, 2018-жыл.

Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жетектеген делегация бүгүн Оштогу бир катар ишканаларды кыдырууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Делегация мүчөлөрү Ош шаарында жашылча-жемиштерди кайра иштеп чыгаруучу “Келечек” акционердик коомунун, автоунаа кураштыруучу “Эстакада автоборборунун”, пластик жана алюминий эшик-терезелерди чыгарган “Имзо ЛТД” фирмасынын иштери менен таанышты.

Коңшу өлкөдөн келген делегация Кыргызстандын экономикалык министрлигинин аймактагы өкүлчүлүктөрү жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдер менен да жолугушмакчы. Өзбекстандын өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде да болушат.

Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев баштаган 8-февралда Кыргызстандын Экономика министри Артем Новиков менен жолугуп, бир катар макулдашууларга кол коюшкан. Ошол эле күнү коноктор Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы бир катар ишканаларды кыдырып, таанышып чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG