Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:49

Эл аралык сот 45 орусиялык атлеттин арызын канааттандырган жок


Орусиядагы Олимпиаданын символу тартылган сүрөт. 10-февраль, 2014-жыл.
Орусиядагы Олимпиаданын символу тартылган сүрөт. 10-февраль, 2014-жыл.

Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сот 45 орусиялык атлеттин жана эки машыктыруучунун арызын канааттандырган жок.

Алар Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында бүгүн башталып жаткан оюндарга катышуу укугунан ажыраткан Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимине каршы сотко даттанышкан.

Спортчулардын арасында кыска аралыкка чуркоо же шорт-трек боюнча Олимпиаданын алты жолку чемпиону Виктор Ан, биатлонист Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов да бар.

Эл аралык Олимпиада комитети бул спортчуларга кызытма чуусуна байланыштуу Пхенчхандагы оюндарга катышууга уруксат берген эмес.

Былтыр 5-декабрда Эл аралык Олмипиада комитети Орусиянын улуттук командасын Түштүк Кореядагы Кышкы оюндардан четтеткен. Ага чейинки эки иликтөө орусиялык спортчулардын допинг программасын Кремл өзү тескегенин көргөзгөн. Бирок орус спортчуларына бейтарап желек астында мелдештерге катышууга уруксат берилген. Натыйжада 169 атлет катталган.

XS
SM
MD
LG