Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Олимпиада Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө ачылат


Пхёнчхаңдагы оюндарга катышып жаткан мамлекеттердин туулары. Пхёнчхаң шаары, 9-февраль, 2018-жыл.
Пхёнчхаңдагы оюндарга катышып жаткан мамлекеттердин туулары. Пхёнчхаң шаары, 9-февраль, 2018-жыл.

Түштүк Кореянын Пхёнхчаң шаарында өтчү 23чү Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземи 9-февралда, Бишкек убактысы боюнча саат 17.00дө башталат.

Салтанатка катышканы бир катар өлкөлөрдүн президенттери, премьер-министрлери келишти. Алардын арасында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чон жана АКШнын вице-президенти Майк Пенс да бар. Андан тышкары, ачылыш аземин стадионго чогулган 35 миңдей киши да көрөт.

Сууктан улам иш-чара эки саатка чейин кыскартылды. Уюштуруучулар чогулгандарга топуларды жана жууркандарды таратууну караштырышууда.

Олимпиадада 102 комплект медаль мелдешке коюлат. Дүйнөлүк таймашка Кыргызстандан тоо лыжасы жана биатлон боюнча эки спортчу катышат.

Оюндар 25-февралда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG