Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:28

Ошто энеси сабап койгон бала эсине келе элек


Бала Ош облустук балдар ооруканасында каралууда.

Ошто энеси сабап койгон бала эсине келе элек. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынын башчысы Ташбай Алиев билдирди.

Дарыгердин айтымында, баланын абалы бир аз турукташып калды, бирок оор бойдон турат. Наристенин бөйрөктөрү жабыркаган жана мээсине кан уюп калган.

Маалым болгондой, 4-февралда А. Д. аттуу келин Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жаракат алып, эстен танып калган баласын алып келген. Ал 2 жаш 8 ай болгон баласын “тепкичтен кулап кеткен” деп түшүндүргөн. Наристенин денесин кароо учурунда ал денеси көгала, ички органдары залака алганы аныкталган.

Ошол эле күнү Ош шаардык милициясы аны баласын сабоого шектүү катары камакка алган. Тергөө учурунда 24 жаштагы келин баласын өзү кепкир (депкир) менен сабап салганын мойнуна алган. Ал уулун жалгыз тарбиялап келе жатканын, ошол күнү тил албаганы үчүн сабап койгонун билдирген.

Келиндин үстүнѳн Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Сот аны тергөө бүткүчө эки айга камакка алган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG