Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Исаков ички иштер органдарындагы коррупцияны сынга алды


Сапар Исаков ИИМ коллегиясында.
Сапар Исаков ИИМ коллегиясында.

Премьер-министр Сапар Исаков Ички иштер министрлигинин коллегиялык кеңешмесине катышып, милиция кызматкерлери коррупция менен жетиштүү деңгээлде күрөшпөй жатканын сындады. Өкмөт башчы бүгүнкү күндө укук коргоо органдарын реформалоо жүрүп жатканын, анын алкагында бир катар функционалдык милдеттер кайрадан каралып чыгарын билдирди.

“Тилекке каршы, коррупциялык элементтер ички иштер органдарында да болуп жатат. Андай фактыларга жол берилбеши керек, анткени милиционерлер мамлекеттик бийликтин күзгүсү катары, жарандар менен иш алып барууда алардын ишинин натыйжасы боюнча бийлик тууралуу жалпы пикир жаралат” – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөнүн жол коопсуздук тутумун реформалоо маселеси анын жеке көзөмөлүндө турганын эске салып, «Таза коом» долбоорунун алкагында Башкы прокуратура ИИМ менен кошо кылмыштарды электрондук эсепке алуу боюнча тутумду иштеп чыгарын айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, коллегиялык кеңешменин жыйынтыгы боюнча премьер-министр ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыт катары белгилеген. (SDz)

XS
SM
MD
LG