Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Парламенттин бөлүм башчысына кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго кылмыш ишин козгоп, тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

- Жогорку Кеңештин бөлүм башчысына карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга парламенттин иш башкармалыгы "2 миллиондон ашык сом жоголду" деп жазган арызы негиз болду. Текшерүүнүн жүрүшүндө бөлүм башчы УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

“Азаттыктын” колуна тийген маалымат боюнча КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын 30 миң доллар акчалай сыйлыгын Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров 2017-жылдын сентябрь айында колуна алган. Ал үчүн парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурат. Ошентип, акча колго тийгенден эки ай өткөн соң 13-ноябрда Закиров жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырган. Жасалма катта Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын эсебине келип түшкөнү жазылган. Бирок бул иштен шек санаган Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы Талант Курманбек уулу КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын катчылыгынын башкы эсепчиси Анна Рухмаковага кат жөнөтөт. Рухмакованын жообунда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын эсебине 30 миң доллар түшпөгөнү, Закиров "жөнөттүм" деген документтер жасалма экени айтылган. Башкача айтканда Анна Рухмакованын дүмүрчөккө коюлган деген кол тамгасы жана басылган мөөр жасалма болуп чыкан.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы 2013-жылы кыргыз тараптын демилгеси менен негизделген. Андан бери бул сыйлыкка КМШ өлкөлөрүнүн адабият жана маданиятына кошкон салымдары үчүн Юрий Поляков (Орусия), Анар Рзаев (Азербайжан), Грачье Тамразян (Армения) жана Шайлообек Дүйшеев (Кыргызстан) татыктуу болгон. Жогорудагы төрт сыйлык ээсине Жогорку Кеңештин бюджетинен 30 миң доллардан акчалай сыйлык берилген. (UEz)

XS
SM
MD
LG