Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:06

Президент өз аппаратынын кадрларын дайындады


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президентинин аппаратынын бир катар бөлүмдөрүнүн башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмү кабарлады.

Ага ылайык, президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчылыгына Турдуназир Бекбоев, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчылыгына Мира Карыбаева, тышкы саясат бөлүмүнүн башчылыгына Айзада Субакожоева жана стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчылыгына Нурсулу Ахметова дайындалды.

Ал эми Манасбек Арабаев аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө, Анарбек Исмаилов укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө жана Саякбай Субанов жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө жетекчилик кызматка бекиди.

Мамлекет башчынын буйругуна ылайык, президенттик аппараттын канцеляриясынын башчысы болуп Чолпон Абдрахманова, президенттин басма сөз катчысы, президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Толгонай Стамалиева дайындалды. (ErN)

XS
SM
MD
LG