Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Путин: Батыш санкция киргизгенден чарчаганда мамиле оңолот


Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин жыйынында сүйлөп жатат. Москва, 9-февраль, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин жыйынында сүйлөп жатат. Москва, 9-февраль, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык ишкерлер менен жолугушууда "жакында Батыш Москвага каршы санкция киргизе бергенден чарчап, ошондон кийин алакалар жакшырат" деп айтты.

9-февралда Путин Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин жыйынында сүйлөдү. АКШ, Евробиримдик жана башка бир катар мамлекеттер Орусиянын Крым жарым аралын аннексиялап алышына жана Украинанын чыгышындагы орусиялык козголоңчуларды колдогонуна жооп катары бир нече ирет экономикалык санкцияларды киргизген.

Кийинчерээк Орусиянын АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү үчүн да Москвага каршы санкциялар киргизилген.

30-январда Кошмо Штаттарда “Кремл баяндамасы” деген документ жарыяланган. “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын аттары аталган. АКШнын Каржы министрлиги түзгөн "кара тизмедегилерге" каршы Вашингтон мындан ары санкция киргизиши мүмкүндүгүн айткан. Путин муну “достукка жатпаган жана АКШ-Орусия алакаларын татаалдаштырып, жалпы эл аралык мамилени буза турган кадам” катары баалады.

Путин 18-мартка белгиленген президенттик шайлоодо төртүнчү мөөнөт үчүн ат салышат. Талдоочулар Путин шайлоодо утуп чыгарынан күмөн санашпайт. Башкы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга БШК мурдагы соттук иштерине байланыштуу шайлоого катышууга уруксат берген эмес.

XS
SM
MD
LG