Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Дастан Сарыгулов президенттен көз карандысыз комиссия түзүүнү суранды


Бийликти басып алууга аракеттенди деген берене менен соттолгон мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылды. Анда Сарыгулов өзү менен кошо айыпталган саясатчылардын иши боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү жана анын ишин көзөмөлгө алууну суранган.

Дастан Сарыгуловдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, алардын ишин тергөөдө бир катар мыйзам бузуулар орун алып, айыпталуучулардын укугу одоно бузулган.

- Жээнбеков президенттикке киришип жаткан учурда Баш мыйзамдын сакталышын камсыз кылууга ант берген. Ошол убадасын аткарам десе, мыйзам бузууларга жол бербөөгө аракет кылып, комиссия түзүп, бизге тагылган айыптардын чын-төгүнүн текшереби деген үмүттөмүн. Албетте, президент соттун ишине кийлигише албайт. Бирок соттун жүрүшүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөл кыла алат, - деди Сарыгулов.

70 жаштагы Сарыгулов кайрылуусуна президент Жээнбеков көңүл бурбаса, абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын акциясына кошуларын кошумчалады.

Былтыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров 12 жылга, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Бул иш боюнча Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Өкүмдү 7-февралда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Саясий негизде куугунтукка кабылганын айткан Асанов 12 күндөн бери, ал эми Кадыров жана Карыбеков 11 күндөн бери кургак ачкачылык кармап жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG