Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:39

Москвада кармалган отуз эки кыргызстандык кое берилди


Москва

Орусиянын Москва шаарында “Антитеррор” рейдинин алкагында кармалган 35 кыргызстандыктын 32си бошотулду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Орусиянын күч органдары “Антитеррор” аттуу рейд алкагында чет өлкөлүк жарандардын документтерин текшеришкен.

Анын жүрүшүндө 35 кыргызстандык кармалган. Бул боюнча Кыргызстандын элчилик кызматкерлери тиешелүү чараларды көрүп, кармалгандардын 32синин Орусияда мыйзамдуу жүргөнү аныкталган. Жыйынтыгында алар бошотулду.

Ал эми үч жаранга административдик протоколдор түзүлгөн.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG