Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:47

Германия: Социал-демократтардын лидери Шульц министрлик кызматка барбайт


Мартин Шульц
Мартин Шульц

Германиянын Социал-демократиялык партиясынын лидери Мартин Шульц коалициялык өкмөттө кызматка барбайт. Бул тууралуу 9-февралда билдирген Шульц мындай жол менен жеке кызыкчылыгынан улам коалицияга кошулду деген ар кыл шектенүүлөргө чекит коюу максатын көздөгөн.

Социал-демократтардын лидери коалиция түзүү боюнча коркунучтар сүйлөшүүлөрдүн аягына чейин сакталганын кошумчалады.

7-февралда Германияда коалициялык өкмөт түзүү боюнча мунаса табылган. Анда канцлер Ангела Меркел жетектеген Христиан-демократтар партиясы менен Бавариянын Христиан-социалдык партиясынан куралган саясий биримдик Мартин Шульцтун Социал-демократтар партиясы менен коалициялык келишим түзүп, жаңы өкмөттүн курамын чогуу аныктамай болушкан.

Ага ылайык, Социал-демократтар партиясына өкмөттөгү Тышкы иштер жана Каржы министрликтери баш болгон алты министрлик тийди. Мартин Шульц тышкы иштер министри болуп дайындалып, партиянын лидерлигинен кетет деген маалыматтар айтылган эле.

Германияда коалициялык өкмөттү түзүү аракети дээрлик төрт жарым айга созулду. Эгер тараптар мунаса табышпаса, Германияда кайра парламенттик шайлоо өтмөк.

XS
SM
MD
LG