Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Сирия күчтөрү Израил учагын атып түшүрдү


Кыйраган учактын калдыктары. 10-февраль, 2018-жыл
Кыйраган учактын калдыктары. 10-февраль, 2018-жыл

Израил аба күчтөрүнө таандык учакты Сириянын ракетага каршы коргонуу күчтөрү атып түшүрдү. F-16 учагы Израилдин аймагына кулаган. Учкучтар аман калганын өлкө армиясынын өкүлү билдирди.

Израилдин аскерлери кабарлашкандай, ишембиге караган түнү өлкө аймагына Сириядан учурулган Ирандын учкучсуз учагы кирип келген. Ал атып түшүрүлүп, андан соң Израил дрон учурулган Сириянын аймагындагы борборго сокку урган. Дал ушул учурда Сириянын ракетага каршы коргонуу күчтөрү Израилдин учагын атып түшүргөн.

Сириянын аскер жетекчилери бир нече учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Бирок аны расмий Тель-Авив ырастаган жок.

Учурда эки өлкө "аймактык эгемендикке кол салды" деп бири-бирин айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG