Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:34

Президент Жээнбеков аппаратындагы жооптуу катчыларды алмаштырган жок


Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө караштуу комиссиялардын жооптуу катчыларын дайындоо боюнча буйрукка кол койду.

Ага ылайык, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына Жылдыз Сманбаева, Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына Кырккелди Кыдырбаев, Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчылыгына Эрнис Апилов дайындалды. Бул жетекчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда эмгектенип келген.

Сооронбай Жээнбеков буга чейин өз аппаратындагы бөлүм башчыларды дайындоо боюнча жарлык чыгарган. Ага ылайык, буга чейин иштеп келген бөлүм башчылардын дээрлик көпчүлүгү өзгөргөн эмес.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG