Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Түштүк Кореянын президенти Пхеньяндан келген делегация менен жолукту


Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон кол алышууда. 9-февраль
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон кол алышууда. 9-февраль

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореядан келген делегация менен менен жолукту.

Сеулдагы президенттин резиденциясында өткөн жолугушууга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон да катышты. Муну менен тарыхта алгач ирет Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореянын жетекчисинин үй-бүлө мүчөсүн кабыл алды.

Түндүк Кореялык делегацияны өлкөнүн Жогорку элдик жыйынынын төрагасы 90 жаштагы Ким Ён Нам жетектеп келген.

Ким Ё Чжон Түштүк Кореянын президентине агасы жөнөткөн катты тапшырды. Анда Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президентин Пхеньянга сапар менен келүүгө чакырган.

Пхеньяндык делегация Пхёнчхаңдагы Олимп оюндарынын ачылышына катышуу үчүн келген. Олимпиаданын ачылыш аземинде Түндүк жана Түштүк Кореянын спортчулары стадионго бир желек астында чыгышты.

XS
SM
MD
LG