Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Сот кызматтан бошотулган мектеп директорлорунун арызын канааттандырды


Ысык-Көл райондук соту үч мектептин директору жумуштан мыйзамсыз бошотулган деген чечим чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бостери айылынын Хасан Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин мурдагы директору Жаныш Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 6-февралда райондук сот "кызматтан алынган үч мектептин директору кызматка кайра дайындалсын жана аларга моралдык кенемте төлөнүп берилсин" деп чечим чыгарган.

Былтыр жыл аягында Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын Хасан Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин директору Жаныш Сулайманов, Бактуу-Долоноту айылынын орто мектебинин жетекчиси Майрам Атаева жана Булан-Сөгөттү айылынын мектеп директору Гүлназ Сыдыкова кызматтан бошотулган. Директорлор муну райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абированын жеке чечими катары сыпаттап, сотко кайрылган.

Ал эми Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова директорлор мыйзамдуу негизде кызматтан бошотулганын билдирип келген.

Ал арада облустук прокуратура Дамира Абированын үстүнөн жазылган үч директордун арызы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. (AsM)

XS
SM
MD
LG