Орусиянын Роскомнадзор мекемеси оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын бизнесмен Олег Дерипаска жана вице-премьер Сергей Приходько тууралуу иликтөөсүн жайылтууга тыюу салынган тасмалар реестрине киргизди.
Бул тууралуу Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунан кабарлашты.
Алексей Навальный мындай чечимди цензура деп атап, иликтөө тасманы болушунча жайылтууга чакырды.
Навальныйдын иликтөөсүндө 2016-жылы вице-премьер Приходько миллиардер Дерипаскага таандык яхтада бир нече күн эс алганы баяндалган. Оппозиционер муну “пара алуу” менен салыштырган. Ал эми Олег Дерипасканын адвокаты мында эч кандай мыйзам бузуу жоктугун билдирип, иликтөө үчүн сотко кайрыларын билдирген.